Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Кара нигер каракчылары орус моряктарын барымтага алды

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
329
Нигериянын жээктеринде жергиликтүү каракчылар орусиялык жети жана украиналык бир морякты барымтага алышкандыгын, кечээ, 8-февралда Орусиянын аталган өлкөдөгү элчилиги маалымдады.
Каракчылар Нигериянын аймактык сууларында “BBC Caribbean” кемесине кол салышып, моряктарды барымтага алышкан. Орусия бийлиги барымтага алынгандардын кайда экендигин аныктап берүү өтүнүчү менен Нигериянын бийликтерине кайрылды.
Maritime Herald басылмасынын маалыматы боюнча универсалдуу жүк ташуучу “BBC Caribbean” кемесине кол салуу Гвиней булуңундагы мунай терминалынан алыс эмес жерде болгон.
Кошумчаласак, өткөн жылдын 27-ноябрында Бенин өлкөсүнүн аймактык сууларында “Сароник Бриз” кемесине кол салуу болуп, орусиялык А. Трощихин, А. М. Вильмс, Н. В. Фролов деген үч моряк барымтага алынып, 20-декабрда гана бошотулган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.