Курс НБ на 24.02.2020 $69,8500 €75,5323

Кара аялдын өңүндөгү Эркиндик статуясы юбилейлик монетага чегилет

Дүйнө
17 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
678
2017-жылдын 6-апрелинде Америка Кошмо штаттарында юбилейлик алтын монета сатыкка чыгарылат. The New York Times гезитинин маалыматына караганда, монетанын бетине Эркиндик статуясы кара түстүү аялдын өңүндө чегерилген.
АКШ Монета сарайынын 225 жылдыгына карата даярдалып жаткан 100 долларлык алтын монетанын салмагы 1 унция (30 гр) болот жана жалпысынан 100 миң даана чыгарылат.
Эске салсак, Эркиндик статуясы деп аталган аялдын гиганттык скультурасы 1886-жылы Франция тарабынан белекке берилип, Нью-Йорктун Гудзон булуңуна орнотулган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.