Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

Канаттуулардын өлүмү изилденет

Дүйнө
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
88
Голландиянын жээктеринде куштардын 20 миңге жакын өлүгү табылды. Илимпоздор эмне себептен өлүм болгонун иликтешүүдө. Маалыматтарга караганда куштардын бардыгы арыктаган. Илимпоздор өлүмдүн себебин Голландиянын түндүгүндөгү бороондон улам кемеден кулаган 345 контейнердеги заттарга байланыштырууда. Ал эми  “BBC” кызматынын маалыматына караганда, окуяны иликтеген Вагенинген университетинен Мардик Леопольд “Так далил жок. Аталган куштар контейнер кырсыгынан кийин жээкке чыга башташкан бирок аба ырайынын катаал шарттарынан улам жем таба албай калышы мүмкүн экенин айтты. Ал жердеги 100 канаттуу текшерүүгө алынат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.