Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

Калашниковдун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет

Дүйнө
06 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
477
Орусиянын президенти Владимир Путин автоматтык курал боюнча атактуу конструктор Михаил Калашниковдун 100 жылдык юбилейин 2019-жылы мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө буйрук берди.
Ал эми Москванын мэри Сергей Собяниндин буйругуна ылайык, 2018-жылдын аягына чейин Москванын борборунда Михайил Калашниковго эстелик орнотулат.
Калашников автоматын ойлоп тапкан атактуу конструктор 1919-жылы 10-ноябрда Алтай крайында туулган. Учурда ал түзгөн АК куралын дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөнүн армиялары колдонот. Ал турсун көптөгөн мамлекеттердин желектеринде, гербдери менен акчаларында да Калашников автоматынын сүрөтү түшүрүлгөн. Ал 2013-жылдын 23-декабрында 94 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.