Курс НБ на 25.05.2018 $68,2348 €80,0224

Кайсыл өлкөдө канча ичимдик ичилет?

Дүйнө
11 - Май 2018
www.erkintoo.kg
17
Россиянын Саламаттыкты сактоо минисрлигинин маалыматына караганда, 2006-жылдан бери өлкөдө алкоголду керектөө дээрлик 40%га кыскарды. Азыр орточо статистикалык россиялык жаран он жыл мурдагыга караганда жылына 3,5 литр алкоголду азыраак ичет деп билдирди РИА Новости. Натыйжада Россия ичкич өлкөлөрдү үчилтигине да кирбей калды. Биринчи орунда азыр Литва (18,2 литр), экинчиде Беларусь (16,4 литр), үчүнчүдө Молдова (15,9 литр) турат. Румыния, Чехия, Хорватия, Болгариядан бир аз алдыга озгон Россия төртүнчүгө жайгашты. Россияда азыр жан адамга 13,9 литрден таза алкоголь туура келет – бул 34,75 литр аракка барабар.
БСУнын маалыматы боюнча ичимдикти эң аз керектеген өлкөлөрдүн катарына Кувейт, Ливия, Мавритания жана Пакистан (жан адамга жылына 0,1 литрден), Сауд Арабиясында жана Бангладеште ( 0,2 литрден), Египетте, Нигер жана Йеменде (0,3 литрден) кирет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу