Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

​Израилдик жарандарга үйдөн 500 метр алыстоого тыюу салынды

Дүйнө
15 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
24
Өлкөдө коронавирустун жайылышы күчөп жаткандыгына байланыштуу Израилдин өкмөтү карантиндик катаал чараларды киргизүүнү жактырды. Мындай чечим министрлер кабинетинин жекшембидеги жети саатка созулган жыйынында кабыл алынды деп билдирди The Jerusalem Post.
Карантин 18-сентябрда башталат жана үч жумага – 9-октябрга чейин созулат. Бул аралыкта окуу жайлар, ресторандар жана соода, бизнес-борборлору жабылат. Жарандарга үйлөрүнөн 500 метр аралыкка алыстоого тыюу салынат.
Джонс Хопкинс университетинин статистикасы боюнча Израилде бүгүнкүгө чейин 156 миң адамдан вирус аныкталып, миңден ашыгы каза тапты.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу