Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Израилдик космостук “Берешит” аппараты Айга конуу учурунда кыйроого учурады

Дүйнө
12 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
82
Космостук миссиянын мындай аяктаганын көргөн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “биз 2,5-3 жылдан кийин космостук аппаратты айга сөзсүз кондурабыз” деп билдирди. “Берешиттин” айга карай сапары 47 күн мурда башталып, ал 6,5 миллион километр аралыкты артка калтырган. Бардыгы ийгиликтүү аяктаганда Израиль өз аппаратын Айга кондурган Россия, АКШ жана Кытайдан кийинки төртүнчү өлкө болуп калмак. Салмагы 585 килограммдык “Берешиттин” миссиясына SpaceIL компаниясы 100 миллион доллар сарптаган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.