Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Израиль экологиялык катастрофага кабылды

Дүйнө
22 - Февраль 2021
www.erkintoo.kg
95
Израилдин Жер Ортолук деңиз жээктерин каптаган ондогон тонна мазут өлкө өз тарыхында эң ири экологиялык катастрофага кабылгандыгын далилдеди. Жергиликтүү бийликтердин айтымында жабыр тарткан жээктерди тазалоого көптөгөн жылдар кетет деп билдирди Рейтер агенттиги.
Учурда миңдеген ыктыярчылар менен солдаттар жээкти мазуттун уюмаларынан тазалоого жардамдашууда. Жабыр таркан 190 чакырымдык жээктерден таш бакалардын, балыктар менен канаттуулардын жансыз денелери табылууда. Адистердин айтымында, булганууга 11-февралдагы толкун учурунда кемелердин биринен мазут төгүү себеп болушу ыктымал. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху булганган пляждардын бирин өзү барып көрдү.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу