Курс НБ на 27.04.2018 $68,6425 €83,5448

Издөө салынган афгандык 49 жаран Казакстанда оралман статусун алууга аракет жасаган

Дүйнө
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
99
Мындай маалыматты, кечээ 16-апрелде межлистеги өкмөттүк саатка катышкан вице-спикер Владимир Божко билдирди. Айтымында, 2017-жылы Казакстанга чет өлкөлүк 5,5 миллиондон ашык жарандар келип кетишти. Эл аралык кырдаал жана миграциялык агымдардын күчөшү Казакстандык күч түзүмдөрүнө жана Тышкы иштер министрлигине кошумча жоопкерчиликтерди жүктөөдө деп айтты вице-спикер. “Сандар кооптондурат: Афганистандын издөө салынган 49 жараны оралман статусун алууга аракет жасады. Бангладеш менен Афганистандын жарандары Казакстанды Европага өтүүчү жол катары пайдалагылары келишет” деди Владимир Божко.
Ал эми депутат Нурлан Аблировдун айтымында, акыркы үч жылда Казакстандан чет өлкөлүк 36 миң жаран чыгарылды. 330 миң чет өлкөлүктөр административдик жазаларга тартылды. 3,5 миңине кылмыш иши козголду. Ошол эле учурда 2,5 миңден ашык чет өлкөлүктөр кылмышкерлерден запкы тартышты. “2017-жылы Казакстанда кош жарадыгы бар чет өлкөлүк 600гө жакын жаран жазаланды”, - деп кошумчалады депутат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу