Курс НБ на 25.02.2021 $84,6179 €102,9631

​Иван Айвазовский

Дүйнө
22 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
112
Гений сүрөтчүнүн чыныгы аты-жөнү Иван Айвазовский эмес, Оганес Айвазян. Ал 1817-жылы 17-июлда армян соодагери Геворк Айваязяндын үй-бүлөсүндө туулган.
Ал эми  1900-жылдын 2-майында каза болгон. Туулган жери - Таурид провинциясынын Феодосия шаары. 18-кылымда сүрөтчүнүн ата-бабалары Армениядан Галисияга, ал эми атасы Феодосияга көчүп келишкен. Андан тышкары, Геворк Айвазян фамилиясын полякча жазды - Гайвазовский. Геворк жана анын жубайы Хрипсименин беш баласы, үч уулу жана эки кызы болгон. Айвазовский кичинесинен сүрөт тартуу менен гана чектелбестен, музыкага да шыктуулугун көрсөтүп, скрипкада ойноону өз алдынча үйрөнгөн. Бирок, сүрөт тартууга болгон каалоо күчтүүрөөк болуп, алгач Феодосияда белгилүү архитектор Яков Христианович Кохтон окуп, он алты жашында Иван Санкт-Петербургга кетип, Императордук Көркөм Академияга тапшырган.
Санкт-Петербург Көркөм Академиясын алтын медаль менен аяктаган. Жаш сүрөтчү Европанын ар кайсы жерлерин кыдырган. Ал 6 жыл бою Европаны кыдырып,  алардын сүрөт жаатындагы малыматтары менен танышып чыккан.
 Сүрөтчү бардык сүрөттөрүн бир дем менен тарткан. Бир нече сааттан кийин шедевр даяр болгон. “Көпчүлүк убактымды деңиздин элесине жумшадым”, - деп автор Деңиз пейзажы тууралуу айтканы бар.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу