Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Испан соту Каталониянын көз карандысыздыгы жөнүндө референдум өткөрүү чечимин токтотту

Дүйнө
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
325
Испаниянын Конституциялык соту Каталониянын парламентинин келерки жылы көз карандысыздык жөнүндө референдум өткөрүү тууралуу токтомун токтотту, деп билдирет The Local.
Сот өз билдирүүсүндө “2017-жылы референдум өткөрүүнү пландаган Каталониянын парламентинин чечими токтотулду” деп маалымдаган.
Буга чейин Каталониянын башчысы Карлес Пучдемонт Мадриддеги борбордук өкмөт бул чечимди жактырбай турган болсо да 2017-жылдын сентябрында көз карандысыздык жөнүндө референдум өткөрүүгө убада кылган. Анткени, Каталониянын парламентинин  көпчүлүк депутаттары Испаниядан бөлүнүү боюнча жаңы референдумду өткөрүүнү колдошкон.
2014-жылдын ноябрында Каталония расмий добуш берүү сунушун Мадрид четке каккандан кийин көз карандысыздык жөнүндө расмий эмес референдум өткөргөн болчу.
Анда добуш бергендердин 80%дан ашыгы көз карандысыздыкты колдошкон. Символикалык мүнөзгө ээ болгон бул референдумга каттоодон өтүшкөн 6,3 млн каталондук шайлоочулардан 2,3 млн адам гана катышкан.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.