Курс НБ на 19.12.2018 $69,8317 €79,3952

Иранда түркиялык жеке менчик самолет кыйроого учурады

Дүйнө
12 - Март 2018
www.erkintoo.kg
124
Кечээ, 11-мартта Ирандын жарандык авиация уюмунун өкүлүнө шилтеме жасаган ISNA агенттиги өлкөнүн түндүгүндө түркиялык жеке менчик самолет кыйроого учурагандыгын маалымдады. Самолет Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан Стамбулга учуп бараткан. Самолет Чехармехаль жана Бахтиария провинцияларынын аралыгында жерге кулап түшүп күйүп кеткен.
Би-би-синин маалыматына караганда, түркиялык бизнесмен Хуссейн Басаранга таандык Bombardier Challenger 604 самолетунда ишкердин кызы жети курбусу жана экипаждын үч мүчөсү болгон.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.