Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

Индиянын темир айымы көз жумду

Дүйнө
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
362
Индиядагы эң таасирдүү саясатчылардын бири Ж Жаялита 68 жашында дүйнөдөн өттү. Ал буга чейин Тамил Наду штатынын башкы министри болуп келген. Бул кызматка ал 4 жолу шайланган. Саясатчынын жекшемби күнү кечинде жүрөгү кармап, саат 23:30 да каза болгонун  Аполло ооруканасы ырастады. Жаялитаны сыйлагандар абдан көп болчу жана анын сынчылары дагы акыркы жылдарда ага болгон көз карашын өзгөрткөн. Аны көпчүлүк “темир айым”,-деп аташкан-делет чет элдик ММКлар жазган маалыматтарда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.