Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Индияда жүргүнчү учакка эки килограмм алтынын унутуп калган

Дүйнө
09 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
24

Сингапурдан Индиянын Мадурай шаарына келип конгон Air India учагына жүргүнчү салмагы эки килограмм болгон алтын куймаларын унутуп кеткен. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазып чыкты деп жазат Sputnik..

Маалыматка ылайык, алтынды санитардык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү таап алышкан. Алтын куткаруу жилетине оролуп, отургучтардын биринин алдына коюлган.

Жергиликтүү бийликтин баамында табылган алтындын наркы 77 миң доллардан ашышы мүмкүн.

Учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аткезчилик кылган кишини аныктоого аракеттерди көрүп жатышат.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу