Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

Индияда видеосабактын жардамында төрөгөн келин каза тапты

Дүйнө
13 - Март 2019
www.erkintoo.kg
29
Индияда интернеттеги видеосабактын жардамы менен көз жарган келин каза болду. Мындай маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, 26 жаштагы келин Биландпур шаарында батирди ижарага алып жашаган. Көп өтпөй анын  коңшулары батир ээсине анын эшигинин астынан кан агып жатканын айтышкан. Полиция кызматкерлери эне, баланын жансыз денесин жана алардын жанынан кайчы, жиптерди табышкан. Ал телефон аркылуу көргөн акыркы видеосу өз алдынча төрөө тууралуу видеосабак болгон.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу