Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Индияда коркунуч кат алып келген көгүчкөндү кармашты

Дүйнө
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
336
Индия мамлекетинде премьер-министрге коркунуч кат алып келген көгүчкөн кармалды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазды. Маалыматтарга караганда, көгүчкөн белгисиз жактан учуп келип, премьер-министрге коркунуч жараткан кат алып келген. Буга чейин 1 жыл мурда Индия полициясы ушундай дагы бир көгүчкөндү кармаган. Индиялыктар ал көгүчкөндү пакистандыктар чалгындоо үчүн жиберген деп шек санашкан. Көгүчкөн 4-октябрда жергиликтүү полиция тарабынан кармалган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.