Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Индияда 12 адам гимнди аткаруу учурунда туруудан баш тарткандыктары үчүн камакка алынды

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
309
Индиялык  полиция эл аралык кинофестивалда улуттук гимнди аткаруу чурунда турбай коюшкан  12 адамды камакка алды, деп маалымдады Associated  Press  агентствосу.
Керала штатындагы индиялык Тируванантапурама шаарынын полициясынын инспекторунун  айтымында, камалгандардын бардык  12си  тең  күрөө   төлөө  менен бошотулушкан.
Мындай камоолор Индиянын Жогорку сотунун чечимине ылайык ар бир кино көрсөтүүлөрдүн алдында гимн  ойнотулганда көрүүчүлөр аны туруп туруу менен угуулары керектигинен улам мүмкүн болууда.  Мындай чечим өлкө   жарандарын патриоттуулукка тарбиялоо чарасы катарында кабыл алынган.
Мурда  да  кабарлангандай, оңчул активисттер Ченнае шаарында  гимн жаңырган кезде туруудан  баш  тартышкан сегиз адамды да сабашкан болчу.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.