Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

​Гориллалар да туугандашып жашайт

Дүйнө
22 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
56
Британиянын Кембриж университетинин окумуштуулары Горилла маймылдары арасындагы карым-катнаш, туугандык жана социалдык байланыштар адамдар ортосундагы коомдук катнашка окшошуп кете тургандыгын аныкташыптыр. Д-р Робин Моррисон айым жетектеген илимий группа Конго Республикасында эки жайда жүздөгөн талаа горилласынын социалдык жүрүм-турумуна алты жыл байкоо жүргүзгөн. Изилдөө береги гориллалар арасында бир нече деңгээлдеги жакындык, туугандык жана түрдүү социалдык байланыштагы өнүккөн коомдук түзүлүш бар экенин айкындаган. Гориллаларда үй-бүлөсүнөн сырткары таяке-таежелери, чоң ата-чоң энелери, аталаш ага-эжелери (ини-карындаштары), бөлөлөрү кирген коому болот. Коомго болжолдуу түрдө 13 маймыл биригет. Андан чоң коом 39 горилладан турат. Антропологдор гориллалардын мындай түзүлүшүн кишилердин эң байыркы уюмдашкан отурукташуусуна окшоштурушат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянып «Азаттык» жазып чыкты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.