
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Гонконгдо көмүүгө жай жетишпегендиктен өлгөндөрдүн күлүн алмазга айлантышууда
Гонконгдо менчик көрүстөндөрдө жайдын баасы 25 миң евро турат. Мындай кымбатчылык альтернативалык жолдорду издөөгө мажбур кылууда деп жазды франциялык Slate басылмасы. Натыйжада өлгөндөрдүн сөөк күлүн алмазга айлантуу модасы пайда болду. Бул идея 2004-жылы швейцариялык Algordanza компаниясын негиздеген Ринальдо Виллиге таандык жана бул региондо 2008-жылы компаниянын биринчи кеңсеси ачылган. 500 грамм сөөк күлүнөн мемориалдык алмаз жасалат жана аны алты айга чейин күтүүгө туура келет. Бирок, алмазды үйдө сактоого болот. Арийне Гонконгдо өлүүлөр менен тирүүлөр бири-бирине алыс болуусу керек деп эсептелет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек