Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Футболчу Криштиану Роналду диний жаңжалдын себепкери болуп калды

Дүйнө
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
382
 Белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун айланасында кезектеги жаңжал чыкты.
Спортчунун Instagram'дагы өздүк баракчасына жайгаштырган сүрөт буддисттердин кыжырын келтирди. Сүрөттө футболчу бир бутун Будданын монументинин тепкичине коюп, таянып турат. «Мындай кылуу - тим эле укмуш эмес. Билебиз, сен буддист эмессиң, бирок динди мынчалык сыйлабастыкка жол берилбейт», – деп айтылат комментарийлердин биринде.
«Билимдүү, заманбап футболчу анын мындай аракеттери чоң резонансты жаратарын эң сонун билиши керек да», – деген интернет колдонуучулардын бири.
Бирок футболчуга болушуп, анын бул иш аракети жөн гана байкабастыктан улам болгонун айтып чыккандар да табылды.
Роналду өзү жаңжал боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.