Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

Футбол боюнча дүйнөлүк биринчилик Россиянын экономикасына пайдасын тийгизет

Дүйнө
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
23
Футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликти өткөрүүнүн пайдасын Россиянын экономикасы 2018-жылы эмес, жакынкы келечекте көрөт деп эсептешүүдө эксперттер. Экономисттердин баамында дүйнөлүк масштабдагы иш-чарага салынган инвестициялар сөзсүз түрдө пайда алып келет деп билдирди РИА Новости. Эске салсак, футбол боюнча дүйнөлүк биринчилик 14-июндан 15-июлга чейин Россиянын Москва, Калининград, Санкт-Петербург, Волгоград, Казаны, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Ростове-на-Дону, Сочи жана Екатеринбург шаарларында өтөт. Россиянын Экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкиндин “Советский спорт” басылмасына берген маалыматына таянсак, дүйнөлүк биринчиликке даярдык көрүүгө дээрлик 400 млрд рубль каражат сарпталды. Стадиондорду курууга жана оңдоого эле 180 миллиард рубль коротулду.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу