Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Франциядагы АЭСте жарылуу болду

Дүйнө
10 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
365
Бүгүн Франциянын түндүк-батышындагы иштеп жаткан “Фламанвиль” атом электр станциясында жарылуу болгондугун Ouest-France  гезетасы маалымдады.
Би-Би-Си тактагандай,  “Фламанвиль” АЭСи француздук Electricite de France мамлекеттик компаниянын - дүйнө жүзүндөгү эң ири атом электр станциясынын операторунун карамагында турат. Станция 1980-жылдары курулган. Анын  ар биринин  кубаттуулугу 1300 мегаватт келген эки ядролук реактору бар. Азыркы күндө Фламанвилде дагы бир реактордун курулушу жүрүп жатат.
Алынган маалыматтарга караганда радиоактивдүү заттардын чыгуу тобокелчилиги жок экендиги айтылууда.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.