Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Франция жаңы Өкмөт башчылуу болду

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
441
Франциянын буга чейин ички иштер министри болуп иштеген Бернар Казнёв Премьер-министрликке дайындалды. Келерки жылы президенттик шайлоого катышууга камылга көрүп жаткан мурдагы Өкмөт башчысы Манюэль Вальс 5-декабрда отставкага кетти. Ал өкмөттү 2014-жылдын август айынан бери жетектеген. Ал эми жаңы премьер Бернар Казнев аракеттеги президент Франсуа Олланддын ишенимдүү талапташтарынын бири. 2014-жылдын апрель айында министрлик кызматка дайындалган болчу.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.