Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Forbes журналы америкалык 400 бай адамдын ысымдарын атады

Дүйнө
06 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
433
Майкрософт компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс быйыл 23-ирет өлкөнүн биринчи байы деп табылды. Журнал анын байлыгын 81 млрд доллар деп баалады. Экинчи орунга 67 млрд доллар байлыгы бар Amazonдун кожоюну Джеф Безос жайгашты. Үчүнчү орунга журнал Уоррен Баффетти татыктуу деп эсептейт. Анткени, анын байлыгы азырынча 65,5 млрд доллар гана экен.
Facebookтун кожоюну Марк Цукерберг (55,5 млрд) төртүнчү орунду ээлесе, Oracleнин негиздөөчүсү Ларри Эллисон 49,3 млрд доллары менен бешинчи орунга илинди.
Жалпы тизмеде 50 аялдын ысымы да бар. Бул тизмеге илинүү үчүн кеминде 2 млрдга жакын доллар байлыгың болушу керек.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.