Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Финляндиянын депутаты мусулмандарга асылгандыгы үчүн айыппул тартты

Дүйнө
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
319
Борбордук Финляндиянын уезддик соту парламенттин депутаты Теуво Хаккарайенге улуттар ортосуна от жаккандыгы үчүн 1160 евро өлчөмүндө айыппул салды, деп маалымдады  Yle телерадиоберүү порталы.
Минтип күнөөлөөгө Ниццадагы теракттан кийин депутаттын фейсбуктагы “бардык мусулмандар террористтер эмес, бирок бардык террористтер - мусулмандар” деген жазуусу негиз болгон. Ошондой эле ал бардык мусулмандарды өлкөдөн чыгарып жиберүүнү талап кылган.
Сот мындан тышкары андан фейсбуктагы өзүнүн жазуусун өчүрүп салууну да талап кылды.
Депутат өкүмгө даттанбай тургандыгын билдирди. Ал “Нагыз финндер” улуттук партиясынын мүчөсү болуп саналат.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.