Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Facebook тармагы жалган маалыматтар менен күрөшөт

Дүйнө
16 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
349
Facebook социалдык тармагынын жетекчилиги жалган маалыматтар менен күрөшүү боюнча стратегиясын жарыялады. Ага АКШдагы президенттик шайлоодогу саясий чыр-чатактар себеп болгон. Мындай маалыматты  “BBC” кызматы жазды. Аталган компаниянын жаңылыктар бөлүмүнүн вице-президенти Джон Хейджмен социалдык  тармактарда жалган маалыматтар таралып жаткандыгын мойнуна алган. Компания колдонуучулардын бардыгына жаңылыктарды жарыялоого мүмкүндүк берет. Эгер кабар туурасында жалган маалымат тууралуу билдирүү келсе, маалымат агенттигине текшерүүгө жөнөтөт. Эгер ал факт аркылуу далилденбесе, ал тармактан өчүрүлбөйт. Акыркы убактарда Facebook  жалган маалыматтарга каршы тура албайт деп сындалып келген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.