Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

FaceAppтын түзүүчүлөрү он күндө 1 миллион доллардан ашык киреше табышты

Дүйнө
22 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
71
Forbes журналынын билдиргенине караганда, FaceApp сервиси акыркы 10 күн аралыгында 1 миллион доллардан ашык киреше тапты. 2017-жылы түзүлгөн бул тиркеме кеңири популярдуулукка ээ болду жана эки жыл аралыгында $11,6 млн пайда тапты деп айтылат маалыматта. Тиркемени колдонуучулар 73,2 млн жолу көчүрүшкөн. Сервисти “Яндекстин” мурдагы кызматкери Ярослав Гончаров ойлоп тапкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.