Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

​“Евровидения-2021” сынагынын эрежелери өзгөртүлдү

Дүйнө
19 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
42
Кийинки жылы “Евровидение-2021” сынагы Роттердам шаарында өтөт. Бирок, пандемияга байланыштуу сынактын эрежелери өзгөртүлөт. Ага катышуучу артисттер келе албай кала турган болушса, жандуу үн менен аткарылган ырларын жаздырып жөнөтө алышат деп маалымдады Интерфакс.ру. Аудиожазуунун көчүрмөсү алардын сынакка катышкандыгынын кепилдиги болуп эсептелет.
Эске салсак, аткаруучу Дункан Лоуренс 2019-жылдагы “Евровидениеде” жеңүүчү аталгандан кийин Нидерланды “Евровидение-2020” сынагын 12-16-майда Роттердамда өткөрүүгө укук алган, бирок ал пандемияга байланыштуу келерки жылга жылдырлган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу