Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Евросоздан чыгууга бир кадам калды

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
286
Улуу Британиянын парламентинин общиналар палатасы кечээ,8-февралда өлкөнүн Евросоюздан чыгуу (Brexit) процедурасын аракетке киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алды.
ТАССтын маалыматына караганда, британ өкмөтү киргизген мыйзам долбоору акыркы окуудан кийин 494 депутаттын колдоосуна ээ болду. 122 депутат каршы чыкты. Эми бул документти парламенттин жогорку палатасы – Лорддор палатасынын депутаттары карашы керек.
Эске салсак, Улуу Британиянын Евросоюздан чыгуусу боюнча референдум 2016-жылдын 23-июнунда өткөн. Ал эми премьер Тереза Мэй 2017-жылдын март айынын аягында “Brexit” боюнча ЕС менен сүйлөшүүлөр башталарын билдирген. Ал эми өлкөнүн Жогорку соту адегенде парламенттин колдоосун алууга милдеттендирген.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.