Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

​Евросоюз Белоруссияга каршы санкция киргизет

Дүйнө
02 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
68
Евросоюз өлкөлөрүнүн лидерлери персоналдык санкциялар киргизилүүчү белоруссиялык чиновниктердин аты-жөндөрүн макулдашышты жана бул тизмеде 40 адам бар, бирок алардын арысында Александр Лукашенко жок деп ЕС саммитинин биринчи күнүн жыйынтыктоодон кийин Европалык кеңештин жетекчиси Шарль Мишель билдиргендигин ВВС маалымдады.
Евросоюз 9-августта Белоруссияда өткөн президенттик шайлоолордун жыйынтыгын мыйзамсыз деп тааныган жана европалык өлкөлөр Лукашенкону президент катары эсептешпей тургандыгын билдирген.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.