Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Европарламентарийлердин тобу россиялык тараптан Сирияга биргелешип баруу жөнүндө суранышууда

Дүйнө
21 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
305
Европарламентарийлердин тобу россиялык тарапка Сирияга биргелешип баруу жөнүндөгү өтүнүч менен кайрылышканын Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган басма сөз жыйынында билдирди.
«Европарламентарийлердин тобу Сирияга чогуу барып, ал жакта эмне болуп жатканын жеринде өз көздөрү менен көрүүгө биздин макулдугубузду суранып жатышат», - деп айтты парламенттин жогорку палатасынын башчысы.  Анын айтымында,  бул РФны эл аралык чөйрөдө бөлүп салуу аракеттери ишке ашпай калгандыгын күбөлөп турат.
Федерация Кеңешинин спикери татаал  эл аралык кырдаалда парламенттер аралык байланыштар абдан маанилүү болуп саналаарын баса белгиледи. «Биз өз тажрыйбабыздан улам буга ишендик. Биздин диалог, биздин жолугушуулар өз жемишин берет», - деп кошумчалады ал.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.