Курс НБ на 19.02.2020 $69,8406 €75,6129

Европарламент жаңы төрагалуу болду

Дүйнө
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
340
Кечээ, 17-январда италиялык 64 жаштагы Антонио Таяни төрт жолку добуш берүүдөн кийин атаандашы жана жердеши Джанни Питтеллудан алдыга чыгып Европарламенттин төрагалыгына шайланды.
Таяни үчүн Европарламенттин 351 депутаты, ал эми Питтеллуга – 282 депутат добуш берди. Антонио Таяни европалык парламентте өнөр жай жана ишкерлик маселелери боюнча комиссарлык милдетти аткарып келген. Антонио Таяни Римдеги Ла-Сапиенца университетинин юридикалык факультетин аяктап, басма сөздө жана радиодо иштеген. 1994-жылдан бери Европарламенттин депутаты.
Ал эми Европарламенттин кызматтан кетип жаткан төрагасы Мартин Шульц быйыл Германияда өтүүчү парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмесинин алдыңкы сабында болот.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.