Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Европага деңиз аркылуу бараткан 4,9 миңден ашык мигрант набыт болду

Дүйнө
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
312
Жыл башынан бери Европага бараткан жолдо Жер Ортолук деңизинде 4,9 миңден ашык качкындар өлүмгө учурашты же дайынсыз жок болуп кетишти. Бул тууралуу Миграция боюнча эл аралык уюм маалымдады.
Анын маалыматы боюнча, Европага 1-январдан бери 386 495 мигранттар жана качкындар келсе, булардын ичинен 358 156 адам Жер Ортолук деңизи аркылуу жетишкен. Бул көчүп келгендердин негизги бөлүгүн Греция (176 миңге жакын адам) жана Италия (179 миңге жакын) кабыл алган. 5,4 миңден ашык адам Испаниянын жээгине түшүшкөн.
Жыл башынан бери Жер Ортолук деңизинде 4901 адам набыт болду же дайынсыз жок болуп кетти. Айрыкча, Түндүк Африкадан Италияга баруучу миграциялык маршрутта курмандыктар көп (4404 адам) болду. Ал эми Түркиядан Грецияга бараткан жолдо жыл башынан бери 429 мигрант көз жумду же дайынсыз жок  болуп кетти. Түндүк Африкадан Испанияга жөнөгөндөрдүн ичинен 69 мигрант да ошолордукундай эле тагдырга туш болушту.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.