Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Европада аялдар жумушсуз калышууда

Дүйнө
03 - Июль 2020
Эркин Тоо
179
Евросоюзда акыркы 8 айда жумушсуздуктун деңгээли 6,7 пайызды түздү деп маалымдады Euronews.
Коронавирус пандемиясы эки жыныс өкүлдөрүнүн иш менен камсыз болуусуна ар башкача таасирин тийгизди. Аялдар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли 6,9%дан 7,2%га чейин өстү, ал эми эркектер арасында абал мурдагыдай эле.
Эл аралык эмгек уюму мындай тенденцияны кийинкиче түшүндүрдү:
“Пандемиянын негизги соккусу туш келген секторлордо аялдар көбүрөөк иштешет. Бул – саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо ж.б. Натыйжада гендердик теңчилик жаатында акыркы жылдарда жетишилген ийгиликтерге коркунуч жаралды”, - деп айтты ЭЭУнун башкы директору Гай Райдер.
Божомолдор боюнча үчүнчү кварталда аялдар арасындгы жумушсуздук 10%дан ашуусу мүмкүн.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.