Курс НБ на 11.12.2019 $69,8500 €77,4252

Европа россиялык газдын баасын түшүрдү

Дүйнө
03 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
17
Газ кууру аркылуу Европага жөнөтүлүп жаткан россиялык көгүлтүр отундун баасы акыркы 15 жылдагы минимумга чейин түштү. “Газпромдун” финансылык отчетуна караганда, үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында 1000 кубометр газдын баасы акциздик жана бажы пошлиналарын эске алганда да 169,8 долларды түздү. Натыйжада компаниянын кирешеси 29%га азайды. Бир жыл мурда эле ушул мезгилде 1000 кубометр газ 250 доллардан сатылып жаткан. Акыркы ирет “Газпром” газды Европага 2004-жылы эң арзан баада – 137,7 доллардан саткан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу