Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

ЭВФнын экс-башчысы Родриго Рато күнөөлөнүүдө

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
365
Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) мурдагы директору Родриго Ратого  2004-2005-жылдарда 6,8 млн евро боюнча көз боёмочулук-алдамчылык  кылган деген күнөө коюлууда. Бул тууралуу El Pais газетасы маалымдады.
Басылманын маалыматына караганда, Испаниянын Салык кызматынын алдындагы алдамчылык учурларын тергөө боюнча Улуттук бюросу сотко Ратонун иши боюнча 634 барактан турган отчетту тапшырды. Укук коргоо органдарынын билдирүүлөрүндө айтылгандай, ЭВФнын экс-башчысынын жогоруда көрсөтүлгөн жылдар аралыгындагы декларацияга киргизилбеген кирешеси 14 млн евродон ашып кеткен.
Өткөн жылы Испанияда каржылык алдамчылык-көз боёмочулуктар жаатындагы процесс башталып, ал боюнча 65 адамдын, анын ичинде Ратонун да  иштери каралууда. Бул иш өлкөнүн салык кызматтарынан жашырылган акча каражаттары сакталып келген “кара карталарды” пайдаланууга байланышкан.
Буга чейин Испаниядагы коррупция иштери боюнча прокуратура Ратого 4,5 жылга эркинен ажыратуу жазасын берүүнү сураган. Мындан тышкары, Рато компенсация иретинде 2,69 млн евро төлөп берүүсү керек деп эсептейт.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.