Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

​Эрежесиз эр уруштун чебери Олег Тактаров

Дүйнө
26 - Август 2019
www.erkintoo.kg
33
Россиялык жана америкалык актёр катары таанылган Олег Тактаров бүгүн 52 жашка чыкты. Аскерий үй-бүлөдө өсүп, жаштайынан самбо жана дзюдо менен машыккан Олег Тактаров аскерде кызмат өтөгөн соң СССРдин КГБ бөлүктөрүндө инструктор болуп иштеген. 1993-жылы Латвияда өткөн турнирде америкалык машыктыруучулар Тактаровду АКШдагы турнирлерге катышууга чакырат. 1994-жылы профессионал мушкер болуу менен атагы чыккан Голливуд кинолоруна тартылууну максат кылып АКШга аттанат. 1996-жылы америкалык Голливуддун «Playhouse West» театралдык академиясына тапшырат. 6 жыл окуу менен эрежесиз эр уруштун сырларын да өздөштүрүп кинолорго да тартыла баштайт. 1995-жылы UFC уюмунда дебют жасап мыкты мушкер катары таанылат. UFC уюмунун чемпиону болууга да жетишкен. 2003-жылы UFC 45 турниринде жүргүзүлгөн сурамжылооунун негизинде Олег Тактаров аталган уюмдун алдыңкы 10 мушкеринин катарына кирген. Бүгүнкү күндө Тактаров актёр, продюсер, режиссёр, теледе алпаруучу катары таанымал инсан. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу