Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Эрдоган Душанбе саммитине катышат

Дүйнө
12 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
30
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган иш сапар менен Тажикстанга келип, 14-15-июнда Душанбеде өтүүчү Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним  чаралары кенешмесинин саммитине катышаары маалым болду. Саммитке Россия, Кытай, Иран, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Бангладеш жана Шри-Ланканын президенттери, ошондой эле Афганистандын премьер-министри Абдулла Абдулла катышат.
Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кенешмеси (СВМДА) – Азияда тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо үчүн түзүлгөн форум болуп саналат. Ал 27 мамлекеттин башын бириктирет. 8 мамлекет жана 5 эл аралык уюм анын байкоочулары.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу