Курс НБ на 23.08.2019 $69,7961 €77,4597

​Энеден атага айланган балыктар бар экен

Дүйнө
15 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
33
Балыктардын 500дөй түрү жетилген курагында жынысын өзгөртөрүн жана алардын жынысынын өзгөртүшү айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө жооп болору аныкталыптыр.  Мындай кубулушту жаңы зеландиялык окумуштуулар башында турган эл аралык илимий топ аныктады. Генетиктер бул кубулушту Кариб деңизиндеги коралл рифтеринде байырлаган башы көк талассома балыгынын чоң үйүрүнөн байкашкан. Башы көк талассоманын эркек атаманы өңү сары ургаачы балыктардын үйүрүнө эркек балыктарды жолотпой кайтарат. Эгер атаман үйүр менен кошо жок болуп калса, ургаачы балыктардын эң сөөлөттүүсү 10 күндүн арасында аңги эркекке айланат экен. Өзүн үйүргө айгыр сезген ургаачы балык үчүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө бир нече мүнөт керек болсо, өңүн алмаштырууга бир нече саат гана керек. Ал арада ургаачы балыктын энелик бези аталык безге айланып, 10 күн дегенде ата балыкка айланат,-деп жазды «Азаттык» чет элдик маалымат булактарга таянып.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу