Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Эл аралык Куран Карим мелдештери башталды

Дүйнө
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
317
Бүгүн, 20-апрелде Ирандын борбор калаасы Тегеранда эл аралык отуз төртүнчү Куран Карим мелдештери өз ишин баштады. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, бул эл аралык мелдешке дүйнөнүн 83 өлкөсүнөн 276 Куран кыраатчылары менен каарылары катышууда. Эл аралык Куран Карим мелдештерин өткөрүү максаты; Ислам үмөтүн бириктирүү, Куранды кыраат кылуу жана жатка окуу деңгээлин көтөрүү жана ошондой эле Ислам дүйнөсүнүн каарыларынын тажыйраба алмашуулары. Белгилей кетсек, бул мелдешке Куран билген кыз- келиндер дагы катышышмакчы.  Мелдештер 26-апрелге чейин уланат.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.