Курс НБ на 26.03.2019 $69,7441 €78,9154

Экзаменден кулады деп баласынан баш тарткан

Дүйнө
14 - Март 2019
www.erkintoo.kg
30
Кытайдагы Лоян шаарында экзаменден эң жакшы эмес баллды алып калган уулунан апасы баш тартты. Мындай маалыматты  чет элдик маалымат булактары жазды. Маалыматка караганда, эне-баланын ортосундагы жаңжал шаардагы көчөлөрдүн биринде болгон.  Басылмалардын күбөлөргө таянып жазганына караганда, аял 12 жаштагы уулун окууда жакшы баа ала албагандыгы үчүн жемелеп, тилдеген. Андан кийин баласын сабаганга өткөн. Ал баласын таштап өзү унаага отуруп айдап кетип калган. Көп убакыт өтүп келбегендиктен өтүп бара жаткандар полицияга кабар беришкен. Бала полиция кызматкерлерине апам 95 балл аласың деген мен 81 балл алып калдым деп айтып берген. Полиция апасына чалганда ал андан баш тарткан. Бир саат өткөндөн кийин аны туугандарынын бирөөсү келип алып кеткен.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу