Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

Экс-президент Джорж Буш ооруканада

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
461
АКШнын экс-президенти, 92 жаштагы Джорж Буш жана анын 91 жаштагы байбичеси Барбара Буш өткөн шаршемби, 18-январдан бери Техас штатындагы Хьюстондун ооруканасында жатышат. Ушуга байланыштуу алар 20-январда президент Трамптын инаугурациясына катыша алышкан жок.
“Рейтер” агенттигине шилтеме жасаган “РИА Новостинин” маалыматы боюнча азыр алардын ахыбалы дурус. Бул тууралуу агенттикке үй-бүлөнүн өкүлү Джим Макгрэт билдирген.
Өпкөсүнөн кагынып, дем алуусу кыйындаган Джорш Буш 21-январда жасалма дем алдыруу аппаратынан ажыратылып, азыр өз алдынча дем алып жатат. Абалы туруктуу, бирок дагы эле реанимация бөлүмүндө калууда. Эске салсак, Джорж Буш 1989-1993-жылдары АКШнын президенти болгон.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.