Курс НБ на 22.10.2019 $69,8114 €77,7804

Эйфель мунарасынын жарыгы өчтү

Дүйнө
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
356
Париж шаарынын мэриясы Алепподо болуп жаткан согуштук аракеттерге байланыштуу Эйфел мунарасынын жарыгын шаршембиде кечинде өчүргөн. Шаар мэри Анн Идальго мунаранын жарыгын өчүрүүнү  Париж эл аралык коомчулугун Алеппонун тургундарын колдоп-кубаттоого чакыруу,- деп кабыл алгыла деди.  Бүгүн Франция шаарынан  администрациясынан Алеппого медициналык каражаттардан турган гуманитардык жардам да  жөнөтүлөт, делет маалыматта. Апта башында Алеппо шаарында тынчтык орногон эле. Өкмөт күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда ушул күндөрү кайра салгылашуулар күчөп кеткени айтылууда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.