Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Джон Керри жаңы кызматтуу болду

Дүйнө
02 - Март 2017
www.erkintoo.kg
398
АКШнын экс мамкатчысы Джон Керри мамлекеттик ишмер катары Вашингтондогу Карнеги Фондуна ишке кабыл алынды деп билдирди ТАСС агенттиги.
Фондунун президенти Уильям Бернс жаңы кызматкерди тааныштырып жатып “Джон Керри өмүр бою эл аралык тынчтыкты сактоого салым кошту жана бул адамдын сиңирген эмгеги уюмдун максаттарына шайкеш келет” деп айтты. Уильям Бернс мурда Мамлекеттик департаментте Джон Керринин кол алдында иштеген.
Мурдагы кесиптеши менен мындай абройлуу уюмда бирге иштешүү кубанычтуу экендигин баса белгилеген Джон Керри глобалдык экологиялык проблемаларга жооп табуу жана жаңжалдарды жөнгө салуу жаатындагы иштер менен алек болот.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.