Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

Додон тобокелдик кыла албады

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
413
Өткөн аптада Молдавиянын 2016-жылдын декабрь айында шайланган жаңы президенти Игорь Додон үч күндүк расмий сапар менен Москвага келип кетти.
Игорь Додон президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда “Крым Орусияга таандык” деп айтып, Путиндин жүрөгүн жылыткан эле. Бирок, Москвага келгенде бул пикирин расмий позиция катары жарыялоого даяр эместигин моюнуна алды деп билдирди ИТАР-ТАСС.
Додон: “Мен өз позициямдан тайган жокмун, тайбайм жана баш тартпайм. Бирок, биз Украина менен да кошуна экендигибизди түшүнүп койгула. “Крым Орусияныкы” деп расмий тааныганыбыз биз үчүн тобокелдүү”, - деп кетенчиктөөгө аргасыз болгон.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.