Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Додон Румыниянын мурдагы президентин молдован жарандыгынан ажыратты

Дүйнө
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
323
Молдавиянын жаңы президенти Игорь Додон мурдагы румын лидери Траян Бэсескуну молдован жарандыгынан ажыратуу тууралуу жарлыкка  кол койду. Бул жөнүндө ал Facebook соцтармагындагы өзүнүн расмий баракчасында билдирди.
Додон белгилегендей, Молдавиянын жарандыгы Румыниянын экс-президентине мыйзамсыз негизде берилип калган, анткени Бэсеску “Румыния тарабынан басып алуу жолу менен Молдавиянын мамлекеттүүлүгүн жоюуну бир нече жолу колдоп чыккан”. “Ал Румыниянын президентинин кызматында турганда Молдавиянын мамлекеттүүлүгүн  жана молдован элинин бар экендигин таануудан баш тарткан”, - деп жазган Додон.
Бэсескуга Молдавиянын жарандыгы 2016-жылдын жайында республиканын төртүнчү президенти Николай Тимофти тарабынан берилген.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.