Курс НБ на 22.03.2019 $69,7563 €79,1281

Дүйнөнүн ажайып кооз пляждары

Дүйнө
10 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
49
Дүйнөнүн эң мыкты пляждарынын 2018-жылдагы рейтинги боюнча биринчи орунду Грециянын Ионикалык деңизде жайгашкан Закинф аралындагы Navagio пляжы ээледи деп билдирди РИА Новости.
Бул жерде жыл бою абанын температурасы 19 гардустан төмөн болбойт жана 275 күн жыл ичинде күн тийип турат.
Ал эми экинчи орундагы австралиялык Уитсандей аралындагы Whitehaven пляжы 2017-жылы рейтингдин биринчи сабында турган.

Филиппиндин Палаван аралындагы Hidden Beach пляжы ажайып жаратылышы жана мөлтүр тунук суусу учүн үчүнчү орунду ээледи.

Төртүнчү орун ыйгарылган Бразилиянын Фернандо-де-Норонья аралындагы Praia do Sancho пляжында жылдын 268 күнү бою күн тийип турат, ал эми абанын температурасы 27 градусту түзөт.

Куюлушкан таза ак куму жана эсепсиз ресторандары үчүн эксперттер бешинчи орунду Мексиканын Tulum Beach пляжына ыйгарышкан.

Алтынчы орунга жайгаштырылган Атлантика океанындагы Теркс жана Кайкос аралдарында орун алган Grace Bay пляжынын асманын жыл ичинде 319 күн бою булут каптабайт.
Эксперттердин баасы боюнча алдыңкы ондукка Ямайканын Seven Mile Beach, Сейшель аралдарындагы Anse Source D`Argent, Таиланддын Пхи-Пхив аралындагы Maya Bay жана Кубанын Varadero пляждары кошулду.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу