Курс НБ на 19.02.2020 $69,8489 €75,4648

Депутаттын үйүнө чабуул жасалды

Дүйнө
22 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
438
Кабулда Ооганстандын парламент мүчөсүнүн үйүнө куралдуу чабуул жасалып, кеминде беш киши каза болгондугун жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. Полициянын маалыматы боюнча кечээ кечинде куралдуу үч адам Гильменд провинциясынан депутат Мир Валинин үйүнө кирип барып, жардыруу жасашкан.
Tolonews.com жаңылыктар сайты мерт кеткендердин арасында депутаттын эки небереси, 25 жаштагы уулу жана эки күзөт кызматкери болгонун билдирүүдө. Маалыматтар боюнча Мир Валинин өзү качып кетүүгө үлгүргөн. Үйдүн ичинде депутаттын башка үй-бүлө мүчөлөрү жана меймандары да болгон болушу мүмкүн экендиги айтылууда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.