Курс НБ на 07.03.2021 $84,8000 €101,1579

Дашогуз шериктештиктин маданий борбору

Дүйнө
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
673
2011-жылдан бери “Шериктештиктин маданий борбору” деп аталган мамлекеттер аралык программа иштеп жатат.
КМШнын маданий борборлорунун алгачкы сертификаттары белоруссиялык Гомель жана орусиялык Ульяновск шаарларына берилген. 2012-жылы Астана менен түркмөнстандык Мары шаарлары шериктештиктин маданий борборлору деп жарыяланган. 2013-жылы эстафета Габала (Азербайжан), Гюмри (Армения) жана Могилев (Беларусь) шаарларына өткөн.
2014-жылы кезек Алматы (Казакстан) жана Ош (Кыргызстан) шаарланына тийген. 2015-жылы Воронеж (Орусия) жана Куляб (Тажикстан) маданий борбор аталышты.
2016-жылы кезек Түркмөнстандын түндүгүндөгү административдик борбор жана 400 жылдык тарыхы бар Дашогуз шаарына тийди.
 
Аталган мамлекеттер аралык программа маданият тармагындагы негизги долбоорлордон болуп саналат жана туризмдин өнүгүшүнө зор салым кошууда.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.