
Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

Данияда 25 миң баш жөжө жок кылынат
Канаттуулар фабрикасында H5N8 куш тумоосу аныкталгандыгына байланыштуу Даниянын бийликтери 25 миң баш жөжөнү жок кылууну чечти деп маалымдады бул өлкөнүн ветеринария жана тамак-аш азыктар башкармалыгына шилтеме жасаган Ekstra Bladet. Буга чейин Даниянын териси баалуу айбанаттар фермаларында ачкүсөндөрдөн коронавирус чыккандыгына байланыштуу алардын бут баарысын жок кылуу чечилген. Данияда 17 миллион баш ачкүсөн бар. Бирок, бул чечимге нааразы болгондор көбөйгөндүктөн, андан баш тартып, айбанаттарды сактап калуу аракети башталган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек